Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:46:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бир жылда 47 миң кыргыз жараны Россиянын "кара тизмесинен" чыгарылды

18.10.2022 13:41
349
Бир жылда 47 миң кыргыз жараны Россиянын "кара тизмесинен" чыгарылды

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев министрликтин 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейинки аралыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын 47 миң жаранын миграциялык амнистиялоо чечими кабыл алынганын билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келген.


“Аталган маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн