Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан 7-июлуна чейин Жалал-Абад облусунан 224,8 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга өткөрүлүп берилип, анын жыйынтыгында карантиндик зыянкечтер тастыкталган эмес.
19 даана фитосанитардык сертификаттар берилди. Бул жумада Жалал-Абад облусунан Түркияга 95 тонна каперс, Германияга 41 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттолду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн