32-жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында жеңилип калган спортчуларды колдоого чакырды.
"Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти келекелеп, эл күлөт.
Урматтуу кыргыз элим бул спорт. Өйдө-ылдый болот. Ошондуктан жеңилип калган спортчуларыбызды дагы колдоого чакырам",- деди Олимпиаданын финалисти Махмудов.,
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн