Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынат

24.02.2020 13:27
663
Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынат



Мамлекеттик салык салык бүгүн, 24-февралдан тарта Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну түн жарымга чейин уланта баштайт.  Бул боюнча аталган орган атайын режимге өтүштү.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери эс алуу күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат. Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны саат 18:00дөн кийин түнкү саат 24:00гө чейин, ал эми эс алуу күндөрү саат 09:00дөн 24:00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.


"1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш. Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү", - деп айтылат Мамлекеттик салык кызматы тараткан маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн