Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бири-бирибизден байлык, бийлик талашып жатканыбызда эгемендигибиз ээсиз калган ботодой боздоп турган жокпу?!

30.08.2021 23:20
1389
Бири-бирибизден байлык, бийлик талашып жатканыбызда эгемендигибиз ээсиз калган ботодой боздоп турган жокпу?!


Ааламдагы ар бир уйгур Уйгурстан мамлекетин пайда кылуу үчүн чөнтөгүндөгү акыркы тыйынын мындай кой, акыркы оокатын сатып, көчөдө жашоого даяр. Бирок, аларда мындай  мүмкүнчүлүк жүздөгөн жылдар бою болбой келетат...


"Бир эле жолу өз байрагыбызды көтөрүп, бир эле жолу өз тилибизде гимнди жаңыртып, бир эле жолу Уйгур мамлекетинин эгемендигин жарыялап алсак арман болбос эле... Аны бүт дүйнө жаңылыктардан көрсөтсө, жер шарына таруудай чачылган миллиондогон уйгур улутташтар көзүнө жаш алып, көксөөсү суубайт беле... Эх... Бирок, андай мүмкүнчүлүк, шарт качан болоору белгисиз. Эч ким мамлекетин, мамлекетин кой, тердиктей жерин да убактылуу, бир күнгө да "мамлекет куруп алгыла" деп бербейт экен... Биз көксөө менен төрөлүп көксөө менен өлөбүз...", - дейт уйгурлар кээде...


А бизчи? Эгемендигибиз боюнча эмне ойдобуз? Анын баасы барбы? Баркы барбы?  Кокучугубуздагы суу кокус жерге төгүлүп кетсе, аны кайра алаканга  чогулта албагандай, Кыргызстаныбызды, ЭГЕМЕНДИГИБИЗДИ, МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮБҮЗДҮ бир "кылт" эттирип алсак, кайра калыбына келбесин ар бирибиз билебизби, туябызбы?! Же ушинтип эле майдаланып, кызмат талашып, мүлк талашып, таасир талашып, акча талашып, бизнес талашып, "эй" дедиң деп сөз талашып, отураарга орун, омкороорго моюн талашып эле жүрө беребизби? 


Биз бири-бирибизге кызмат менен, байлык менен, бийлик менен, атак-даңк менен атаандашып, сындашып жаткан чакта эгемендигибиз ээсиз калган ботодой боздоп турган жокпу?!


Тынчтык Алтымышев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн