Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Бири да маска тагынган эмес. Талибан өкүлдөрү Түркиянын ТИМ башчысы Чавушоглу менен жолугушту

15.10.2021 09:08
1198
Бири да маска тагынган эмес. Талибан өкүлдөрү Түркиянын ТИМ башчысы Чавушоглу менен жолугушту

14-октябрда Афганистадагы жаңы бийлик өкүлдөрү, "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.


Маалым болгондой, делегацияны Чавушоглу кабыл алып, Афганистадагы саясий, экономикалык жана социалдык  кырдаалды талкуулады.

Талибандар Түркия менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Чавушоглу талибандарга Түркиядагы афган качкындарды өлкөсүнө кайтарууга жардам берерин жана экономикага оң таасир эте турган жардам берилерин билдирди.


Мындан сырткары, Анкара Афганистадагы аялдардын укугу корголушун жана жумуштарына кабыл алынуусун талап кылды.


Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары талибандардын маска тагынбаганын сындады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн