Бириккен Араб Эмиратынын бийлик өкүлдөрү жана Казакстандын БАЭдеги элчилиги мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу маалымат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Элчиликтин маалыматына караганда, Нурсултан Назарбаев Бириккен Араб Эмиратына барган эмес. Ал азыркы учурда БАЭде эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин бир нече маалымат булактары Нурсултан Назарбаев 3-январда Кыргызстан аркылуу БАЭге учуп кеткен деген маалымат тараткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн