Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бириккен Араб Эмираттарынан 187 кыргызстандык келди

11.06.2020 15:50
886
Бириккен Араб Эмираттарынан 187 кыргызстандык келди

Бүгүн, 11-июнда «Манас» эл аралык аэропорту Дубай—Бишкек маршруту боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен 187 кыргыз жараны, анын ичинде балдар кайтып келди. Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды. 


Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыкты. Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды. 


Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга келе турган маршруттарын издөө боюнча иштер улантылып жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн