Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бириккен Араб Эмираттарынан 191 кыргызстандык жаран келди

03.07.2020 16:30
1041
Бириккен Араб Эмираттарынан 191 кыргызстандык жаран келди


Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарына Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 191 жараны келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка караганда, алар «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай—Бишкек чартердик каттамы аркылуу келишти.


«Дубайдагы аэропортто белгиленген тартипке ылайык, бардык жүргүнчүлөр учуунун алдында коронавирус инфекциянын жоктугун текшерүү боюнча экспресс тесттерден өтүшкөн. Ал эми өлкөгө келгендердин баары бекитилген тартип боюнча обсервацияга жайгаштырылат», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн