Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

«Биримдик» №1. Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ

30.09.2020 12:10
1531
«Биримдик» №1.  Күчтүү  аймактар  –  күчтүү  ѳлкѳ


Ар бир  мамлекет ѳзүнүн аймактары менен күчтүү. Ал эми аймактардын күчтүүлүгү жалпы ѳлкѳнүн туруктуулугун, бейпилдигин камсыз кылат. Элинин басымдуу кѳпчүлүгү аймактарда жашаган Кыргызстан үчүн аймактарды экономикалык-социалдык жактан күчтүүлѳнтүп, элеттеги элдин жашоо деңгээлин  жогорулатуу ѳтѳ чоң мааниге ээ. Аймактарды ѳнүктүрбѳй туруп ѳлкѳнүн ѳнүгүүсү, келечеги  жѳнүндѳ сѳз кылууга болобу? Албетте, жок. Аны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы да жакшы түшүнѳт. Партия ѳлкѳнүн аймактарын ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат. Партиянын программасында аймактарды ѳнүктүрүү багыттары ачык-айкын, так белгиленген. 


«Күчтүү аймактар – күчтүү ѳлкѳ» -  бул  «Биримдик» партиясынын   приоритеттик максаты. Партия бүгүнкү күндѳгү  аймактарды жана чек аралаш жерлерди ѳнүктүрүү саясатын улантууну кѳздѳйт. 


Бүгүнкү күндѳ  аймактарда ѳндүрүштү жандантуу ѳтѳ зарыл болуп турат. Анткени, ѳндүрүш болсо, жумуш ордулары түзүлѳт, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси кѳбѳйѳт. Ѳндүрүшсүз аймактарды ѳнүктүрүү мүмкүн эмес. Ал үчүн инвестицияларды тартуу саясатын жаңы деңгээлге чыгарып, аймактарга тартылган инвестициянын кѳлѳмүн 2 эсеге кѳбѳйтүү максат кылынууда. 


Аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын натыйжалуу, максаттуу иш алып баруусу зарыл. Тилекке каршы, бул жаатта кѳйгѳйлѳр, чечилбей келаткан маселелер жетишерлик. Эң ириде административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу зарылдыгы бар. Мындай реформа сѳз жүзүндѳ кѳп айтылганы менен ишке ашырылбай келет. Ошондуктан «Биримдик» партиясы административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү кѳздѳйт. Муну менен аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун, ыкчамдыгын арттырып, ашык баш аппараттарды жоюп, бюджеттин миллиондогон ѳлчѳмдѳгү каражаттарын үнѳмдѳѳгѳ мүмкүн болот. Эң башкысы, аталган реформа ишке ашырылгандан кийин «артык кылабыз деп, тыртык кылып алдык» деген абал түзүлбѳшү керек. «Биримдик» партиясы бул маселеге ѳтѳ олуттуу карап, тобокелчиликтерди  эске алуу  менен так планды  иштеп чыккан. 


Мындай реформанын натыйжасы менен жергиликтүү бюджеттин потенциалы жогорулап, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары күчѳтүлѳт. «Биримдик» партиясы аймактарды ѳнүктүрүүдѳ жергиликтүү бийлик башчыларынын ыйгарым укуктары жетиштүү болушу керек деп эсептейт. Борбордук бийликтин гана кѳзүн карап отуруу иштин натыйжалуулугуна терс кедергисин гана тийгизет. 


Ошондой эле аймактарды ѳнүккѳн инфраструктурасыз элестетүү мүмкүн эмес. Социалдык объекттерди, жолдорду куруп, реконструкциялоо да партиянын программасында белгиленген. 


Сууга бай ѳлкѳбүздүн эли ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Бүгүнкү күндѳ «Таза суу» долбоору ише ашырылып, алыскы айылдарга чейин таза суу жектирилүүдѳ. Бирок дагы деле жүздѳгѳн айылдардын жашоочулары  таза сууга муктаж. «Биримдик» партиясы 2024-жылга карата  ѳлкѳнүн бүтүндѳй аймагын таза суу менен камсыз кылуу маселесин ѳкмѳттүн алдына коюп, анын аткарылуусун ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алат. 


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн