Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

«Биримдик» №1 жоопкерчиликтүү жана туура социалдык саясат үчүн!

01.10.2020 14:43
1110
«Биримдик» №1  жоопкерчиликтүү жана туура  социалдык саясат үчүн!


«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келүүсү керек деп эсептейт. 


«Биримдик» партиясынын ишениминде, адам ресурстарын жетиштүү деңгээлде колдоого албай, ѳнүктүрбѳй туруп, экономикалык ѳсүштү камсыз кылуу мүмкүн эмес. 


Партиянын программасында: «Адамдык жана социалдык капитал – бул экономиканы ѳнүктүрүүнүн негизги фактору, ал эми ѳнүккѳн экономика – адамдык жана социалдык капиталды ѳнүктүрүүгѳ жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет», - деп айтылат.


«Биримдик» партиясы жакырчылыкты жоюу үчүн кѳйгѳйдү комплекстүү карап, аны акырындап толук жоюуга багытталган саясатты иштеп чыгып, аны  ырааттуу түрдѳ ишке ашыруу зарыл деп эсептейт.


Партиянын программалык документинде:  «Социалдык чѳйрѳдѳгү улуттук кызыкчылыктарга келтирилген коркунучтарды алдын алып, социалдык теңсиздикти жоюуга бардык мүмкүнчүлүктѳр бар» деп айтылат. «Башкысы – бул мамлекет тарабынан социалдык саясаттын так ишке ашырылуусу. Ал социалдык саясат эң ириде калктын акчалай кирешесин ѳстүрүүгѳ багытталган болушу керек». 


Бул чѳйрѳдѳгү эң башкы милдет - социалдык адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылуу болуп эсептелет; элди толук жумуш менен камсыз кылуу; ѳздѳрүнѳ байланышпаган себептерден улам убактылуу жумушсуз  калган жарандарга жѳлѳк пулдарды берүү, жѳлѳк пул жашоого керектүү минимумдан тѳмѳн болбошу зарыл; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укуктарын камсыз кылуу; алгачкы керектѳѳлѳрдү сатып алууга жетерлик эмгек акылардын минималдуу ѳлчѳмүн аныктоо; социалдык камкордукка алуунун даректүү системасын ѳнүктүрүү, биринчи кезекте жетим балдарга, майыптарга, жалгыз бой кары адамдарга, кѳп балалуу үй-бүлѳлѳргѳ, кызматтык милдетин аткарууда жабыркагандарга, социалдык турак-жай программасын ѳнүктүрүү; эне жана баланы коргоо социалдык программасын жүзѳгѳ ашыруу; үй-бүлѳ институтун бекемдѳѳ программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;  мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу; жаштардын билим алуусуна, жумуш менен камсыз болуусуна, физикалык жана руханий саламаттыгына кам кѳрүү. 


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн