Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Биримдик №1. Абтандил Кулбараков: Эгемендигибизди көздүн карегиндей сактайбыз

29.09.2020 17:27
1037
Биримдик №1. Абтандил Кулбараков: Эгемендигибизди көздүн карегиндей сактайбыз

Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Абтандил Кулбараков Жумгал районунда  эл менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.  Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын тургундары менен болгон жолугушууда  айыл калкынын чарбалык, социалдык муктаждыктары туурасында сөз болду. 

Талапкердин айтканына караганда, «Биримдик» партиясы 2020-2025-жылдарга калктын реалдуу акчалай кирешесин максаттуу жогорулатуу жана Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү» боюнча экономикалык   программа менен чыгып жаткан, анда айыл калкынын социалдык абалын жакшыртуу, дыйкан-фермерлерге кам көрүүнүн жолдору, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү  өӊдүү программалык милдеттер коюлган. 

Алдыдагы 5 жылда таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оӊдоо, медицина мекемелеринин абалын жакшыртуу, мектеп, бала-бакча маселелерин  ирети менен чечүүнүн  иш-пландары белгиленип жаткан.  Эгерде алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясы  элдин колдоосуна ээ болсо, анда айыл калкынын турмушун жакшыртууга багытталган  программалык милдеттерди ишке ашыруу кыйла жеӊил болмок.  

 Ошону менен бирге эле сугат суулары менен камсыз кылуу, жаӊы айдоо жерлерин өздөштүрүү боюнча аткарыла турган иштер туурасында да маалымат берилди.

Ал эми өлкөнүн көз карандысыздыгы, эгемендик  туурасында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Абтандил Кулбараков: «Кылым карыткан кыргыз тарыхында  эчен ирет эгемендигин жоготуп, ата-бабаларыбыздын кан-жаны менен  эчен ирет кайтарып алган эгемендиктин баасы «Биримдик» партиясы үчүн өтө бийик турат.  Элибиз эӊсеп-күтүп келген эгемендигибизге эми кана жетип отурганда аны жоготуп алуу кечиримсиз. Эгемендигибизди көздүн карегиндей сактайбыз! Ал эми бөйрөктөн-шыйрак чыгаргандарга ишенбеӊиздер»-деди. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн