Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Биримдик №1. Бактыбек Чойбеков, талапкер: “Өзгөрүүнүн жана жаңылануунун мезгили келди!”

30.09.2020 11:46
1187
Биримдик №1. Бактыбек Чойбеков, талапкер: “Өзгөрүүнүн жана жаңылануунун мезгили келди!”


“Партиянын программасында экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. "Биримдик" партиясы Жогорку Кеңешке шайланып калса, биринчи кезекте экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануунун мезгили келди”, - деди “Биримдик” партиясынын талапкери Бактыбек Чойбеков. Учурда талапкер Талас облусунда үгүт иштерин алып барууда. 


Макроэкономикалык реабилитациялоонун негизги рычагдарынын бири - бул санарип технологияларын киргизүү, деп эсептейт талапкер. Ал ошондой эле партиянын негизги пландары тууралуу буларга токтолду:

- Бажы органдарында онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү. Бардык бажылык тариздөө пункттарында видео көзөмөл орнотуу жана жүк ташуучулар үчүн GPS тутумун киргизүү.

- Товарлардын жана кызматтардын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү. "Салык процедураларын фискалдаштыруу" долбоорун өнөр жайлык баштоо, электрондук эсеп-фактураларды, онлайн-кассаны, виртуалдык салык төлөөчүнүн кампасын жана электрондук отчеттуулукту толугу менен киргизүү. 

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгү.

- Мобилдик тиркемелер менен ар кандай товарларды аралыктан онлайн режиминде төлөө. 


Бактыбек Чойбеков өлкө биримдикте жана ынтымакта жакшы өзгөрүүлөргө жетишерин белгилеп, шайлоочуларды “Биримдик” партиясын колдоого чакырды.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн