Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Биримдик №1. Карыларыбызды жогорку ѳлчѳмдѳгү пенсия менен камсыздап, социалдык камкордукка алабыз

01.10.2020 15:57
1016
Биримдик №1. Карыларыбызды жогорку ѳлчѳмдѳгү  пенсия менен камсыздап, социалдык камкордукка алабыз


“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Гүлжигит Жумаеавдин  Карылардын күнүнө карата Куттуктоосу


Урматтуу, биздин аталар, апалар!


Жашообузда туу туткан, ар бир баскан кадамыңыздар биз үчүн таберик болгон ардактуу инсандар!


Бүгүнкү 1-октябрь – Карылардын эл аралык  күнү менен өзүмдүн жана «Биримдик» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары баратышкан Сузак районунун талапкерлеринин атынан чын ыкластан куттуктаймын!


Сиздер жашыңыздарда кылган эмгегиңиздердин акыбетин кѳрүп, бактылуу карылык ѳткѳрүшүңүздѳр керек. Бул маселе «Биримдик» партиясынын кѳңүл чордонунда турат. Партиянын программасында улгайган жарандарга татыктуу карылыкты тартуулоо,  ал үчүн жогорку ѳлчѳмдѳгү  пенсия менен камсыз кылуу, жардамга муктаж карыларды социалдык камкордукка  алуу маселелери камтылган.


Сиздерге  бекем ден соолук, бакубат өмүр тилеймин.


«Карысы бардын ырысы бар», деп бекеринен  айтылбайт. Сиздер бар үчүн жашоо көрктүү. Анткени, Сиздер акыл кенчиңиздер, турмуштук тажрыйбаңыздар аркылуу жаштарга туура жол көрсөтүп, турмуш нугун калыпка салып турасыздар. Сиздер салып кеткен чыйыр жол менен алдыга карай умтула берели. Бар болуңуздар!


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн