Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Биримдик №1. Партия айлана-чөйрөнү коргоонун комплекстүү программасын сунуштайт

29.09.2020 11:05
1331
Биримдик №1. Партия айлана-чөйрөнү коргоонун комплекстүү программасын  сунуштайт


"Айлана-чөйрөнү коргоо “Биримдик”  партиясынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат”. Бул тууралуу “Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо”  партиясынын ЖК депутаттыгына  талапкери Медетбек Маметов Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты. Ал белгилегендей, глобалдык жылуулуктун кесепеттери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизди. Андан Кыргызстан дагы четте калган жок. Мындан улам мөңгүлөр ээрип, токойлордун аянты кыскарып, дарыялардагы суунун көлөмү азаюуда. Автоунаалардын санынын көбөйүүсү, ишканалардагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнүн начарлашы, ошондой эле таштандылар менен турмуш-тиричилик калдыктары айлана-чөйрөнү булгоонун башкы булактары болуп эсептелет. Ошол себептен  экология мамлекеттик коопсуздуктун көйгөйүнө айланууда.  Талапкер партия бул багытта  төмөнкүдѳй чараларды көрүүнү сунуштай турганын билдирди: 


- айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу;

- жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана коргоо;

- жарандар жана өнөр-жай ишканалары тарабынан айлана-чөйрөнүн булгануусу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү;

- жашылдандыруу боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу;

- коомдун экологиялык маданиятын жогорулатуу жана адамдардагы экологиялык аң-сезимди калыптандыруу; 

- заманбап “жашыл” технологияларды киргизүүнү колдоого алуу;

Жолугушуунун соңунда Медетбек Маметов айлана-чөйрөнү коргоого ѳзгѳчѳ маани берүү зарылдыгын баса белгилеп,  добуш берүү күнүндѳ  “Биримдик” партиясын колдоого чакырды.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн