Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:37
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коет!

01.10.2020 11:18
1195
“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коет!


“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы бүгүнкү абалды эске алуу менен жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу башкы максаттарын программасында камтыды. Кыргызстанда акыркы отуз жыл ичинде жеке менчик, эркин ЖМК, бийликти шайлоо, саясий атаандаштык, рынок экономикасы пайда болду. Мунун баарын сактап калууга тийишпиз, бирок ошол эле мезгилде өлкөдөгү кырдаалдын учурдагы реалдуу абалы менен да эсептешүү зарыл.

Партия мыйзам чыгаруу деңгээлинде мамлекет өзүнө төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алуусуна бардык күч-аракетин жумшайт: 
•    дени сак жана билимдүү коомду калыптандырууга;
•    социалдык багыттагы реформалардын негизиндеги коомдук прогресске жетишүүгө;
•    улут аралык достукту чыңдоого;  
•    өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышын илгерилетүүгө – башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук кызыкчылыктарга шайкеш тыгыз, иштиктүү өз ара кызматташууга; 
•    элдин башкаруу принциптерин орнотууга, б. а. саясий жана коомдук турмушту калктын кеңири катмарына багыттоого жана эл-журтту экономикалык, саясий, социалдык турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө тартууга.


“Биримдик” партиясы шайлоодон өтүп калса дал ушул принциптерге бекем карманып, ишке ашырууга өз салымын кошот. 


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн