Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:53
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

“Биримдик” №1. Сот процесстеринин ачык-айкындыгын камсыздап, судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизебиз

01.10.2020 12:07
1167
“Биримдик” №1. Сот процесстеринин ачык-айкындыгын камсыздап, судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизебиз


“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү институту болгон сот системасы бүгүн көп суроолорду жаратып, кеңири көңүл бурууну талап кылууда деп эсептейт.  

Партия төмөнкү кечиктирилгис чараларды кабыл алууну зарылдыгын айтат: 
•    сот системасын реформалоодон кийин өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү;
•    судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү;
•    сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун киргизүү;
•    судьялардын жана сот процесстеринин реалдуу көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
•    тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү;
•    тергөө этабында кысым жасоонун негизги куралы катары тийиштүү кылмыштар үчүн бөгөт чарасын тандоо процедурасын реформалоо.

Муну менен катар “Биримдик” партиясы Кыргызстанда адилеттүү фемида системасы орносо, жарандардын сотко болгон ишеними жогорулайт деп эсептейт. 



***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн