Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Биримдик” партиясы Ысык-Көлдөгү элге жардам көрсөтүүдө

08.05.2020 16:27
1547
“Биримдик” партиясы Ысык-Көлдөгү элге жардам көрсөтүүдө


"Биримдик" партиясы “Биздин күчүбүз биримдикте” деген ураан менен Ысык-Көл облусунун аймагында муктаждарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.


Маалыматка ылайык, 23-марттан бери “Биримдик” партиясы Каракол шаарынын жардамга муктаж жарандарына 3 миң медициналык беткап, 100 тонна ун, 2500 литр өсүмдүк майы, 2500 килограмм күрүч, 2500 килограмм макарон, 3000 килограмм китлап, 2500 даана чай, 2500 килограмм кум шекер таркаткан.


Мындан сырткары, Ысык-Көл облустук ооруканасынын кызматкерлерин ташуу үчүн транспорт уюштуруп беришкен.


Ошондой эле, Балыкчы шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 10 тонна ун жана 200 социалдык атайын баштыкчаларды таркатышкан. Ал эми Каракол жана Түп райондук ооруканаларына 20 тонна ун берген.


Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы жардамга муктаждарга 20 тонна ун, 290 социалдык баштыкча жана 161 коробка лапша жеткирилген. Тоң районунда болсо 500 жардам баштыкчасы таркатылган.


Мындан сырткары Каракол шаарындагы батирлерди жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун залалсыздандыруу иштерин жүргүзүшкөн.


“Биримдик” партиясы Ысык-Көл облусундагы Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлеринда эстен чыгарбай, Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата белектерди да беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн