“Биримдик” саясий партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого барууга даяр. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
Анын айтымында, “Биримдик” партиясы 7 пайыздык босогодон өткөн саясий партияларга дагы муну сунуштайт.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча төрт партия, тактап айтканда “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн. Бүгүн калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп, митингге чыгышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн