"Биримдик" саясий партиясынын акыркы съездинде партиялык тизмеге тийешеси жок жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер болгон жок. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынан билдирди.
"Биримдик" саясий партиясынын тизмесинде Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев жок экенин билдиребиз. Андан сырткары, съездге Президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиев катышты деген маалымат да чындыкка жатпай турганын маалымдайбыз. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү партия жана анын мүчөлөрү тууралуу маалымат берүүдө аны маалымат катчыбыз Адилет Султаналиевден тактап алуунуздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн