"Биримдик" партиясын 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо "Megacom" компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов жетектеп барат. Мындай чечим саясий бирикменин курултайында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Жамангулов 2015-жылдын октябрь айында "Республика-Ата Журт" партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2018-жылдын октябрь айында ал "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору болуп бекитилген.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Аида Касымалиева, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана башкалар катышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн