Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

«Биримдик» партиясынын жаштар канаты Ошто түзүлѳт

12.09.2020 17:35
1313
«Биримдик» партиясынын жаштар канаты Ошто түзүлѳт


«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» дагы бир ирет евразиялык интеграциянын борборунда демократиялык эркиндиктери менен адилеттүү мамлекетти курууга багытталган идеологиянын, стратегиялык программанын тегерегинде бириккен мекенчилдердин партиясы экендигин  далилдѳѳдѳ. 13-сентябрда ѳтүүчү ишкана ага далил жана партия ѳзүнүн идеясы, максаты, идеологиясы менен ѳзүнүн айланасына тарапташтарын топтоп жатканын кѳрсѳтүүдѳ.


Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарынын жаш активисттери Ошто партиянын жаштар канатын түзүү демилгеси менен партиянын тѳрагасына  кайрылышты.


«Биз, байыркы Ош шаарынын прогрессивдүү, активдүү жаштары Кыргызстанда, анын ичинде айрыкча  Ош шаарында «Биримдик» партиясынын  түптѳлүп, активдүү иштерди жүргүзүп жатканына кѳз салып келатабыз. Евразиялык мейкиндикте интеграцияланууну ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнүн кыймылдаткычы катары эсептейбиз», - деп айтылат Марат Аманкуловго жолдонгон кайрылуу катта. 


Жогоруда айтылгандай себептен улам, «Биримдик» партиясынын алкагында жүрүп жаткан интеграциялык иш-аракеттерге кол кабыш кылуу максатында Оштун жаштары ѳлкѳнүн экинчи борборунда партиянын жаштар канатын түзүү маселесин кароо ѳтүнүчүн билдиришкен.


«Биримдик» партиясынын тѳрагасы бул демилгени колдоого алды. Ушуга байланыштуу эртең, 13-сентябрда конференция ѳтүп, анда расмий түрдѳ «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Ош шаарындагы бѳлүмүнүн жаштар канаты түзүлѳт.

 

***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн