Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

«Биримдик» саясий партиясы съезд ѳткѳрүүгѳ даярдык кѳрүүдѳ

14.08.2020 15:06
1808
«Биримдик» саясий партиясы съезд ѳткѳрүүгѳ даярдык кѳрүүдѳ


«Биримдик» саясий парттиясы съездин ѳткѳрүүгѳ даярдык кѳрүп жатат. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.


Маалыматка караганда, съездде партиянын программасы презентацияланып, делегаттардын добуш берүүлѳрү аркылуу партиянын талапкерлеринин тизмеси түзүлөт. 


«Биримдик» партиясынын идеологиялык  платформасын талкуулоо съезддин башкы окуясы болот. Биздин партиянын идеологиясы ѳлкѳдѳгү башка партиялардан айырмалап турат. Партиянын программасы жана идеологиялык платформасы менен жакынкы күндѳрү таанышууга мүмкүн болот. 


Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳнүн бардык аймактарында партиялаштар «Биримдик» партиясынын съездине ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүн даярдап жатышат. Ѳз кезегинде биздин партиялаштар онлайн режимде  съезддин жүрүшү,  талкуу  жана добуш берүү процесси менен таанышып тура алышат.


Съезд бардык санитардык талаптарды аткаруу  менен ѳткѳрүлѳт, биринчи кезекте анын катышуучуларынын ден-соолуктарын тобокелчиликке салбоо үчүн  социалдык дистанция  эрежелери сакталат", -  деди ал. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн