Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Биримдиктин” Аксыдагы командасы Бишкекке гуманитардык жардам жөнөттү (фото, видео)

30.04.2020 19:19
1255
“Биримдиктин” Аксыдагы командасы Бишкекке гуманитардык жардам жөнөттү (фото, видео)


“Биримдик” партиясынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы штабы жана анын жетекчилиги Бишкек шаарынын 4 районуна гуманитардык жардам жөнөттү. Аксылыктар кумшекер, суу май, чай, күрүч, ун, макарондон турган 2000 социалдык пакетин жана 5 килограммдан турган 2 миң баштык унду борбор калаанын муктаж жарандарына жиберген.


Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялангандан бери “Биримдик” партиясынын мүчөлөрү жана колдоочулары өз каражаттарына азык-түлүк чогултуп, карапайым элге кол суна баштаган эле. Демилгелүү топтун кайрымдуулук кербени буга чейин Каракол шаарынан алып келген 100 тонна картошканы бишкектиктерге бөлүп берген. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү Бишкектен Таласка карай азык-түлүккө толгон социалдык баштыктарды жиберген. Ал эми партиянын Аксы райондук штабы буга чейин бир нече ирет райондогу жергиликтүү калкка азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү медициналык каражаттарды тараткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн