Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Биримдиктин” демилгелүү топтору өлкө боюнча ишин улантышууда

10.05.2020 14:28
1046
“Биримдиктин” демилгелүү топтору өлкө боюнча ишин улантышууда


Биримдик партиясынын демилгелүү топтору бүткүл өлкө боюнча ишин улантышууда, деп билдирди аталган партиянын өкүлдөрү.


Алардын айтымдарында, «Берекелүү нан», «Өмүр жолу», «Жакшылыктын кербени» акцияларынын кулачы бүткүл өлкөгө жайылып, аралыкты гана эмес, ар кандай пикир келишпөөчүлүктү да багындырууда - шаарлар менен областтар бири бирин колдоп, өз ара жардам көрсөтүшүүдө. Анткени жалпы элдин башына кырсык түшүп турганда жакшылык кылуу менен жакындарына кам көрүү адамдардын башын бириктирүүдө.


Оштун тургундарына туруктуу жардам көрсөтүүдөн тышкары, “Биримдик” партиясынын түштүк борбордогу мүчөлөрү Бишкекке да колдоо көрсөтүштү. Муну менен алар колдоого муктаждарга жардам колун сунушту.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн