Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

«Биримдиктин» жеңиш алдындагы жүрүшү!

02.10.2020 12:01
1143
«Биримдиктин» жеңиш алдындагы жүрүшү!


Ошентип, шайлоонун расмий үгүт кампаниясынын аякташына саналуу сааттар калды. Партиялар үгүт ишинин акыркы күнүнѳ кирип келишти. 


«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын жаштары менен тарапташтары Жалал-Абад шаарында жеңиш алдындагы жүрүш жасашты. 


Партиянын жаштары шаардын кѳчѳлѳрүн аралап, «Биримдик, биримдик, биримдик!» деген ураанды кыйкырышып,  элди биримдикке чакырып, «Биримдик» партиясына добуш берүүгѳ үндѳшүп, 1  айга созулган үгүт  кампаниясы соңуна келип  жеткенин билдирип жатышты. 


Расмий үгүт кампаниясынын учурунда «Биримдик» партиясынын Жалал-Абад облусунан чыккан талапкерлери облустун бардык аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, партиянын милдет, максат, программаларын жеткиришти. Облустун шайлоочулары «Биримдик» партиясына ишеним артып жаткандыктарын билдиришип, колдоп, кубаттоого алып жатышты. 


Үгүт кампаниясынын жүрүшү «Биримдиктин» жеңишке жетишерин кѳрсѳттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жеңиш, биринчилик «Биримдик» партиясында болору талашсыз болуп калды. 


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн