Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Биринчи Май райондук соту эмне үчүн түнү менен чечим чыгарган?

26.10.2022 09:20
320
Биринчи Май райондук соту эмне үчүн түнү менен чечим чыгарган?

Бишкектин Биринчи май райондук соту "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалгандардын бөгөт чарасы иш убактысы бүткөнүнө карабай, түнү менен каралган себебин түшүндүрдү. Ишти кароо 24-октябрдан 25ине караган түнү, таңкы саат бешке чейин уланып, дээрлик бардыгын эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.


Райондук сот мындай чечимди сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөгөн тергөө судьясы кабыл алганын белгилейт.


Сот тараткан маалыматка караганда, судьялар Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97 жана 106-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте ишти караган.


"Эгер материал түнү келип түшсө, тергөө соту көрсөтүлгөн убакытта, кийинки күнгө калтырбай кароого милдеттүү", - деп жазылган маалыматта. 


Ошондой эле кармалгандардын бөгөт чарасы мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте каралганы, шектүүлөрдүн бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилгени айтылат.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн