Бүгүн, 27-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын кароо боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соттук отурум өтүүдө. Бул тууралуу депутаттын тарапташтары социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Депутатка эркиндик талап кылып, "Асылбек Жээнбековко боштондук" деген ураан менен 500гө чукул тарапташы чогулуп Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында турушат. Алар соттон адилеттүү чечим чыгарарын күтүшүүдө.
Эскерте кетсек, Кумтөр иши боюнча 31-майда УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (3)