Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 13:20
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Биринчи Май районунун аталышын Жусуп Абдрахмановдун атына өзгөртүү сунушталды

19.04.2022 13:07
483
Биринчи Май районунун аталышын Жусуп Абдрахмановдун атына өзгөртүү сунушталды

Жусуп Абдрахмановдун эмгегин жана ойлорун кеңири жайылтуу жана ал жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берүү максатында анын күндөлүгүн жана "Кыргызстан" китебин кайра басып чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу  Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы, анын небереси Мирбек Үсөбаев билдирди.


Анын айтымында, Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө максатында өлкө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү максатында президент Садыр Жапаровду жарлыгы чыккан.


"Жусуп Абдрахманов "Кыргызстан" китебин арап ариби менен кыргыз тилинде жазган. Ал китепте өлкөнүн өнүгүшүн кеңири баяндаган. Абдрахманов китебинин көп сандаган барагын айыл чарбасына, агроөнөр жай комплексине жана өнүгүүнүн башка тармактарына арнаган. Бул китеп аз санда чыккан. Азыр анын 120 жылдык мааракесинин алкагында аталган китепти кайра чыгарууну жана саясий процесстерди, ишмердүүлүгүн баяндаган күндөлүгүн да чыгарууну пландап жатабыз. Ошондой эле буга чейин "Улуу Жусуп Абдрахманов жана анын доору" аттуу китеп дагы чыккан. Анын бет ачары жакында өтөт", - деди ал.


Мындан тышкары, Үсөбаев Бишкек шаарынын Биринчи май районун жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын атын Жусуп Абдрахмановдун урматына анын атына өзгөртүү демилгеси көтөрүлуп жатканын кошумчалады.


"Азыркы мамлекетибиздин түптөлүшүнүн башында Жусуп Абдрахманов турган. Анын аракети менен өзүбүздүн чек араларыбыз бар. Бүгүнкү күндө анын ысымы КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына ыйгарылган. Келечекте анын урматына борбордун Биринчи Май районун жана Балыкчы шаарынын атын өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү пландап жатабыз. Балыкчы шаарына “Жусуп ата” атын берүүнү сунуштайбыз", - деди Үсөбаев.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн