Борбордук шайлоо комиссиясы 27-декабрдагы жыйынында Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи. Аны өткөрүүгө 18,5 миң сомго жакын каражат сарпталат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын ичинде 6 миң 200 сомдон ашыгыраагы БШКнын чыгымдары, калган 12 миң 200 сомдон ашыгы округдарга бөлүнөрү көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган эки округда "баарына каршы" варианты жеңген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн