Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Биринчи айым Балдар онкологиясы күнүнө арналган тегерек столго катышты

16.02.2022 10:23
542
Биринчи айым Балдар онкологиясы күнүнө арналган тегерек столго катышты

15-февралда Балдар онкологиясы күнүнө арналган «Балдар онкологиясы. Кечээ. Бүгүн. Эртең" аталышындагы тегерек стол болуп өттү.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Тегерек стол Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен уюштурулду.Иш-чара КР биринчи айым, «Үмүт булагы» фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын, КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КРдагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкованын, "ЦЕНТР АС-САФА" коомдук уюмунун жетекчиси Ибрагим Мальсаговдун, ошондой эле Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилигинин жана балдар онкологиясы бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү.


Иш-чаранын максаты - азыркы учурдун эң оор дарттарынын бири болгон рак оорусуна көңүл буруу, балдардагы бул дарттын алдын алуу, аныктоо жана дарылоого көңүл буруу.


Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө биринчи айым Айгүл Жапаровага, Назира Артыкова жана Ибрагим Мальсаговго терең ыраазычылык билдирди.


"Биздин биргелешкен аракеттердин аркасында олуттуу жылыш болуп, онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жакшырууда. Балдарыбыздын саламаттыгы үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташа беребиз деп ишенем”, - деди  Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн