Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Биринчи май райондук соттун жанында Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

08.06.2020 11:04
1025
Биринчи май райондук соттун жанында Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 8-июнда Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат.  


Жеринде 40ка жакын адам чогулуп, алар мурунку президент "карыздарды төлөп, жазага тартылсын" деген талаптарды коюп жатышат. 


Биринчи май райондук сотунда бүгүн 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча иш каралып жатат. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев башкы фигуранттардын бири болуп саналат. 


Буга чейин 1-июнда соттун имаратынын жанында ушундай эле акция өткөн. Анда сотко Атамбаевдин тарапташтары келишкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн