Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Биринчи май районунун акиминин орун басары алмашты

29.05.2023 17:34
265
Биринчи май районунун акиминин орун басары алмашты

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Рахат Мусаева дайындалды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.


Жаңы орун басарды Биринчи май акимчилигинин жамаатына борбор калаанын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков тааныштырды.


Буга чейин Рахат Мусаева Биринчи май райондук билим берүү борборун жетектеп келген.


Белгилей кетсек, буга чейин райондун акиминин орун басары кызматын Аида Рысбаева ээлеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн