Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кызматкери эки миң доллар өлчөмүндөгү пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 12-март күнү катталып, шектүү катары 38 жаштагы Максат Орозбакова аттуу айым кармалган. Ал параны соттук ишти чечип берүү үчүн пара алып жаткан.
Эске салсак, Максат Орозбакова 2018-жылдын июль айында Биринчи май райондук сотуна кызматка кирген. Ага чейин Бишкек шаардык сотунун жардамчысы болуп эмгектенген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн