Аралыктан иштөө режимине өтө турган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр пандемия шартында жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн физикалык жактардын катышуусуз камсыз кылуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.
«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Ал үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүсү керек. Муну менен катар COVID-19 боюнча калкка маалыматтарды кеңири жеткирүү жана анын мындан ары жайылышын алдын улуу үчүн колл-борборлордун дараметин күчөтүү тууралуу маселени республикадагы уюлдук компаниялар менен тез арада иштеп чыгуу шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн