Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бирөө Пакистандын жараны. Бишкекте мейманканадан 1 эркек, 2 кыздын сөөгү табылды

Бирөө Пакистандын жараны. Бишкекте мейманканадан 1 эркек, 2 кыздын сөөгү табылды

Бүгүн, 6-апрель күнү Бишкектеги мейманканалардын биринде чет өлкөлүк жарандын жана эки кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып кабарлады.


Алдын ала маалыматка караганда, окуя баңгизатты ашыкча колдонуудан улам болгон.


“Анда Пакистандын жараны мейманканага үч айымды чакырып, төртөө биригип спирт ичимдиктерин ичип, кийин наркотикалык заттарды колдонууга өтүшкөн.


Кыздардын бири баңгизатын колдонгон соң уктап калган. Калган үчөө алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү улантып, баңгизатын ашыкча колдонгондон улам үчөө каза болгон. Ал эми аман калган кыз Свердлов райондук милициясына тергөө иштери үчүн жеткирилген”, – деп айтылат маалыматта.


Жеринде Свердлов РИИБинин жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн