Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бирөө каза болгон. Лейлек районунда айдоочу 2 адамды сүзүп качып кеткен

20.01.2022 15:18
1704
Бирөө каза болгон. Лейлек районунда айдоочу 2 адамды сүзүп качып кеткен

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Лейлекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын кабарлады.


Маалыматка ылайык, окуя 19-январда Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы жолдо болгон.

Анда 16 жана 22 жаштагы эки адамды автоунаа сүзүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында 22 жаштагы жигит ошол жерде каза болуп, экинчи адам ооруканага түшкөн. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Издөө иштеринин жыйынтыгында М.С. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми унаасы айып короосуна токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн