Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бирөөнүн унаасын күрөөгө койгон. Ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бирөөнүн унаасын күрөөгө койгон. Ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди. 


Маалым болгондой, 2020-жылдын декабрь айында алдамчылыктан жабыркаган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ошол жылы 16-августта кагаз келишими менен 2006-жылы чыгарылган "Хонда Стрим" унаасын 6500 долларга баалап, алуучуга берген. Сатып алган жаран күнүнө 1000 сомдон бермей болгон. Бирок ноябрь айында унааны сатып алган адам унааны күрөөгө коюп, 250 миң сом алып изин сууткан. 


Милициянын ыкчам чара көрүү кызматкерлери кылмышка шектүү 1991-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу тергөө абагына киргизилген. 

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн