Теке 07, 2025
Убакыт: 23:38
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда "акылдуу" камералар иштей баштады

07.07.2025 13:23
18
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда "акылдуу" камералар иштей баштады


"Коопсуз өлкө" масштабдуу долбоорун ишке киргизүүнүн алкагында 5-июлдан тарта Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда "акылдуу" камералар кадимки режимде иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.


Анын айтымында, долбоор “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.


“Авариялык-кооптуу жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларын автоматтык түрдө каттай алган заманбап интеллектуалдык камералар орнотулду. Бул жабдуулар күнү-түнү тынымсыз иштеп, ылдамдыкты ашырууну, тыюу салынган белгиге өтүүнү, жол белгилерин бузууну, коопсуздук курдун болушун, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди жана башка жолдогу кооптуу мыйзам бузууларды аныктай алат”,-деди ал.


Байказы Айтикул уулу кошумчалгандай, мындан сырткары аталган жол бөлүгүндө ар беш чакырым сайын көчмө аппараттык-программалык комплекстер колдонулуп, “Автоураган” системасы менен жабдылган 7 патрулдук автоунаа кызмат өтөйт.


Аталган система жол эрежелерин бузган учурларды гана эмес, издөөдө жүргөн, айып пулдарын төлөбөгөн, соттун чечими менен каттоосу убактылуу токтотулган унааларды да автоматтык түрдө аныктайт.


“Бул системанын ишке кириши айдоочулардын тартибин жогорулатып, жол кырсыктарынын санын азайтууга жана жалпы жол коопсуздугун күчөтүүгө багытталган”,- деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн