Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек - Ош унаа жолунда кырсык катталып, 6 адам көз жумду

Бишкек - Ош унаа жолунда кырсык катталып, 6 адам көз жумду


Бүгүн, 6-июнда таңга жуук Бишкек - Ош унаа жолунда Mercedes-Benz менен Toyota Alphard автоунаалары кагылышып, натыйжада 6 адам көз жумду.


Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, кырсык катталган жерде төрт киши мүрт кеткен, ооруканага алып баратканда жолдон эки адам көз жумган.


Мындан сырткары ооруканага сегиз киши түшкөн.


Министрлик эки автоунаада баш-аягы 14 киши болгонун, алардын ичинен төртөө он жашка чыга элек балдар экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн