Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек - Ош унаа жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат

19.06.2021 10:08
899
Бишкек - Ош унаа жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат


Бишкек — Ош унаа жолу оңдоодон өтүп, жыртык-тешиги бүтөлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, Бишкек — Ош жолунун оңдоо иштери 61-чакырымдан 103-чакырымга чейин жүргүзүлдү. Башкача айтканда, 719 чарчы метр жерге 117,9 тонна асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү. Ал эми Суусамыр өрөөнүндө 152-чакырымдан 196-чакырымга чейинки 2 380 метр чарчы жолго 390,4 тонна аралашма колдонулган.

Учурда болсо Бишкек — Ош унаа жолунун 184-209-чакырымында жамоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле жакынкы убакта Төө-Ашууда асфальттын эски катмары алынып, жаңысы төшөлөрү кошумчаланды. Жолдун жээктери бекемделип, белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн