Теке 16, 2025
Убакыт: 09:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Бишкек - Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду

Бишкек - Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду


Бишкек-Ош унаа жолунун Ноокен районунун аймагында Мерседес-Бенц жана Мазда Демио унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалардын бири каршы тилкеге ​​чыгып кеткен.


Кагылышуунун кесепетинен Mazda Demio унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болушкан. Андан башка дагы жабырлануучулар тууралуу маалыматтар бар.


Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн