Кечээ, 12-июнда Бишкек – Ош унаа жолунун 414-чакырымында, тактап айтканда, Жалал-Абад облусунун Бекечал айылында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине эки атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Каттам 2 тараптуу ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн