Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган VIP вагонго билеттер сатыкка чыкты

19.07.2023 11:17
252
Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган VIP вагонго билеттер сатыкка чыкты


Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган VIP класстагы вагонго билеттер сатыкка чыкты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жүргүнчүлөр 19-июль, саат 14:00дөн тарта аталган багыт боюнча билеттерди сатып ала алышат. VIP класстагы вагон жума күнү, тактап айтканда, 21-июлдан тарта каттап баштайт.

Билет баасы чоңдор үчүн 800 сом, балдарга 400 сом.

"Бишкек-2 – Балыкчы" поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан "Бишкек-2" бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан "Балыкчы" бекетине саат 11:46да келет.

"Балыкчы– Бишкек-2" поезди "Балыкчы" бекетинен саат 17:48де жөнөйт, "Бишкек-2" бекетине 21:54тө келет. Сурап билүү үчүн байланыш номерлери: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.

VIP вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун структуралык бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюлар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн VIP классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар.

Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүндүк берет, ал эми Боом капчыгайы өзүнүн кооздугу менен бардык саякатчыларды таң калтырып келет, биздин жарандарды дагы, чет элдик туристтерди дагы кубандырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн