Кулжа 25, 2025
Убакыт: 02:10
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Бишкек – Кант унаа жолун асфальттоо иштери аяктады

24.06.2025 19:20
26
Бишкек – Кант унаа жолун асфальттоо иштери аяктады


Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек – Кант жолун байланыштырган унаа жолго асфальт төшөө иштери аяктады.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылды.


Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жолго 7 см калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлду. Ошондой эле жол сызыктары чийилип, унаа кыймылына уруксат берилди.


Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн