Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоодогу кемчиликтер аныкталды

16.11.2023 15:30
310
Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоодогу кемчиликтер аныкталды


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Мамлекеттик курулуш агенттиги Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоодогу кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, БАРЭК коридорун жакшыртуу долбоору боюнча Бишкек — Ош унаа жолунун Бишкек — Кара-Балта участкасындагы курулушту текшерүү учурунда көптөгөн сын-пикирлер жана жол катмарынын сапаты боюнча дал келбестиктер аныкталган.

Текшерүү Мамкурулуш, Temelsu компаниясынын консультанттары менен Транспорт министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын добоорлорду ишке ашыруу тобунун инженерлери тарабынан, ошондой эле Кыргызстандагы №5 Кытай темир жол инженердик топтук компаниясынын адистери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаменти жол катмарынын сапатында аныкталган мүчүлүштүктөрдү, сын-пикирлерди жана дал келбестиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштады.

Учурда подрядчы тарабынан жолдун үстүңкү катмарын алмаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, келишимге ылайык, дефектилерди аныктоо мезгилинде кемчиликтер пайда болсо, аларды оңдоо жумуштарын подрядчы өз эсебинен жүргүзүүгө милдеттүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн