Теке 10, 2025
Убакыт: 22:01
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

10.07.2025 13:03
17
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды


Бишкек  Нарын Торугарт унаа жолунун 245-262-264- чакырымына түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, жолду тазалоо иштери № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан ыкчам жүргүзүлдү. Жерине бир даана погрузчик жана автогрейдер техникасы тартылган.


Учурда каттам бар, жол ачык.


Белгилей кетсек, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар кулаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн