Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

13.10.2020 10:13
905
Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсык 3 адамдын өмүрүн алды


Бишкек – Ош жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кырсык 12-октябрда саат 13:48 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 310-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында катталган. Анда «Хонда Одиссей» жана «Тойота Фораннер» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон: 53 жаштагы эки киши жана 50 жаштагы аял. Андан тышкары, дагы алты адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн