Бүгүн 9-Февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында жол убакытылуу жабылууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун 250-чакырымында жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында мажбурлап кар көчкүнү түшүрү иштери жүрүп жатат. Ошого байланыштуу ошол участоктогу унаа жолу мал-маалы менен ачылып-кайра жабылып турууда.
Тазалоо иштерин Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери алып барууда.
Кошумча маалыматты мал-маалы менен берип турабыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн