2022-жылдын 15-августунан тарта № 608/609 Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди кайрадан каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлайт.
Ведомствонун маалыматына ылайык, № 608 Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
№ 609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.
Билет баалары:
Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.
Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
"Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен Бишкек-2 - Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн